ДолбоорЖаңылыктар

Россиядан Кыргызстанга 651 миң даана китеп жеткирилди

Агартуу министрлиги Кыргызстан Россиядан мурда түзүлгөн меморандумдун алкагында кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан адаптацияланган окуу китептеринин ири партиясын алгандыгын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуу китептерин берүү жөнүндө тиешелүү меморундум Кыргызстан менен Россиянын Агартуу министрликтеринин ортосунда түзүлгөн.

Өлкөгө жалпысынан 651 миң нуска алып келинди. Китептер Россиянын аймагында басылып чыгып, Кыргызстанга толугу менен жеткирилди.

Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн төмөнкү предметтер боюнча даярдалган:

  • «Орус тили жана окуу»;
  • «Орус тили»;
  • «Орус адабияты»;
  • «Орус адабияты жана дүйнөлүк адабият».

Окуу китептери 1, 2, 5, 7-класстар үчүн ылайыкташтырылган жана белгиленген талаптарга ылайык тартылган эксперттер тарабынан тиешелүү экспертизадан өткөн.

Учурда 3, 4, 6, 8 жана 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин чыгаруу (адаптациялоо) боюнча иштер башталды.

Related posts

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасма тартылат

Админ

Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартовага арналган китеп чыкты

Админ

Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Админ

Комментарий калтыруу