ДолбоорОкуучулар чыгармачылыгы

27 миң “Алтын казык” ноутбугу аймактарга жөнөтүлдү

Ата мекенде өндүрүлгөн 27 миң даана “Алтын казык” ноутбугу өлкөнүн аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу жылы башталганга чейин ноутбуктар STEM багытындагы предметтердин мугалимдерине педагогикалык кеңешмелерде тапшырылат.

Ноутбуктардын өзгөчөлүгү – атайын лицензияланган программалык камсыздоонун орнотулушу жана автоматтык түрдө жаңыртылып турушу. Компьютерлерде мугалимдердин күнүмдүк ишинде колдонулуучу программалар менен бирге методикалык колдонмолор да камтылган.

Related posts

Окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Админ

Адылбек Касымалиев Японияга окууга жөнөп жаткан стипендиаттарды кабыл алды

Админ

Россиядан Кыргызстанга 651 миң даана китеп жеткирилди

Админ

Комментарий калтыруу