Окуучулар чыгармачылыгы

Адылбек Касымалиев Японияга окууга жөнөп жаткан стипендиаттарды кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Япония өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттарын кабыл алды.

Адылбек Касымалиев Япониянын Кыргызстандагы элчилигине, JICA жана JICE уюмдарына ыраазычылык билдирип, стипендиаттар алган билим өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна ишеним артарын баса белгиледи.

JDS программасы Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Японияда магистратура жана докторантура деңгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган программа аркылуу 2006-жылдан бери 327 стипендиат Японияда окуп келген, алардын 60% мамлекеттик кызматтарга орношсо, 50% жетекчилик кызматтарда иштеп жатат.

2025-жылы Кыргызстандан 19 магистрант жана 1 докторант Японияга жөнөп жатат.

Related posts

Филиппинде өткөн олимпиададан окуучулар 2 коло медаль жеңип алышты

Админ

Беш окуучу кабыл алынды

Админ

Окуучулар Париждеги олимпиададан эки коло медаль жеңип алышты

Админ

Комментарий калтыруу