Окуучулар чыгармачылыгы

Окуучулар Париждеги олимпиададан эки коло медаль жеңип алышты

2025-жылдын 17–25-июлунда Франциянын Париж шаарында өткөн эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2025) кыргызстандык окуучулар 2 коло медаль жеңип алышты.

Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 94 өлкөсүнөн 400дөн ашуун мыкты жаш физик катышты. Кыргызстан бул сынакка 5 окуучудан турган команда менен барды.

Жыйынтыгында:

  • Абдиев Аскар (11-класс, А. Молдокулов атындагы улуттук мектеп-лицей) — коло медаль
    Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
  • Анаралы уулу Эмир (12-класс, UWIS мектеби) — коло медаль
    Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
  • Эмилбеков Айтегин (10-класс, Газпром мектеби) — Ардак грамота
    Тренерлери: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек
  • Бектур Баратали (12-класс, UWIS мектеби) — Ардак грамота
    Тренерлери: Сатыбалдыев Дүйшөн, Садиков Артур

Топту Сабыров Чынтемир жана Садиков Артур жетектеп барды.

Related posts

Окуучулар арасында предметтик олимпиаданын шаардык баскычы өтүүдө

Админ

«Алтын сертификат» ээлери аныкталды (тизме)

Админ

Адылбек Касымалиев Японияга окууга жөнөп жаткан стипендиаттарды кабыл алды

Админ

Комментарий калтыруу