Жаңылыктар

Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартовага арналган китеп чыкты

Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында Ат-Башы жергесинен чыккан белгилүү өнөр ээлери Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартованын элесине арналган «Тоо койнундагы эки залкар» аттуу китептин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чарага министрдин орун басары Марат Тагаев, тарыхчы Аман Турдакунов, Кубат Асан уулу, коомдук фонддун жетекчиси Болот Андабеков жана залкарлардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Бет ачардын жүрүшүндө Улуттук китепкана тарабынан көргөзмө уюштурулуп, чыгармачылык өмүргө арналган видеотасма көрсөтүлдү. Аны менен катар китептин автору Бакыт Нышан эмгектин жаралуу тарыхы тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын соңунда китеп Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуровго тапшырылды.

Related posts

Бишкек шаарындагы бардык мектептер убактылуу онлайн режимине өтөт

Админ

Мектептерде француз тили үйрөтүлө баштайт

Админ

Ош облустук көркөм сүрөт музейи тууралуу китеп жарык көрдү

Админ

Комментарий калтыруу