
Мугалимдерди даярдоочу «Заманбап мугалим» окуу программасынын жайкы институту расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Аталган программа аркылуу ар түрдүү тармактардан келген демилгелүү адистер, жаштар айылдардагы мектептерде эки жыл иштеп, балдарга заманбап ыкма менен билим беришет. Максат жөн гана сабак өтүү эмес, балдардын өзүнө ишенүүсүнө жана келечекке ишеним менен кадам таштоосуна жол ачуу болуп саналат.
Окуу Борбордук Азия университети менен биргеликте жүргүзүлөт. Катышуучулар заманбап педагогикалык ыкмалар, лидерлик жөндөмдөр, коомчулук менен иш алып баруу жана мектеп чөйрөсүнө инновацияларды киргизүү боюнча билим алышат.
Белгилей кетсек, программа Агартуу министрлиги менен 2023-жылдын 22-мартында түзүлгөн Өз ара кызматташуу тууралуу меморандумдун негизинде ишке ашырылып келет.
