Окуучулар чыгармачылыгы

Окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Үстүбүздөгү жылдын 14–15-июнунда Казакстандын Алматы шаарында 6-7-класстардын окуучулары үчүн математика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 медаль алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады

Бул олимпиаданын тандоо турунда 3 миңден ашуун окуучу күч сынашып, финалга Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 110дон ашуун мыкты окуучу жолдомо алган.

Биринчи күнү өткөн жеке турда кыргызстандык окуучулар мыкты жыйынтык көрсөтүп, төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:

🥇 Саят Арлан (7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) – алтын медаль

🥇 Акимов Ариет (7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) – алтын медаль
Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

🥈 Абдувалиев Бектен (7-класс, International School of Kyrgyzstan) – күмүш медаль
Даярдаган: Абдувалиев Мурат

🥉 Яголковский Артём (6-класс, Silk Road International School) – коло медаль
Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

🏅 Сайпидинов Умар (6-класс, С. Жаанбаев атындагы мектеп) – Ардак грамота
Даярдаган: Абдураимов Шумкар

Мындан тышкары, Кыргызстандын курамында дагы үч окуучу олимпиадага катышты:

  • Асаналиев Амантур (5-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби)
  • Абдигапаров Баязет (7-класс, Президенттик лицей «Акылман»)
  • Азыранкулов Актилек (6-класс, И. В. Панфилов атындагы №6 мектеп)
    Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

Ошентип, жеке турдун жыйынтыгында Кыргызстандын командасы жалпысынан 4 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жана 1 Ардак грамота менен сыйланды.

Олимпиаданын экинчи күнүндө өткөн командалык турда кыргызстандык окуучулар 16 тапшырманын 15ин туура чыгарып, кубокко жана “Математика боюнча мыкты курама” наамына ээ болушту.

Жеңишке жеткен команданын курамы:

  1. Акимов Ариет – «Газпром Кыргызстан» мектеби
  2. Саят Арлан – «Газпром Кыргызстан» мектеби
  3. Абдувалиев Бектен – International School of Kyrgyzstan
  4. Абдигапаров Баязет – Президенттик лицей «Акылман»
    Командалардын жетекчилери: Ишматов Мамат, Аманов Айбар

Белгилей кетсек, Кыргызстандын окуучулары бул олимпиадага 2018-жылдан бери катышып келет.

Related posts

Бул жылы 20 миңден ашык студент чет өлкөдө билим алууда

Админ

27 миң “Алтын казык” ноутбугу аймактарга жөнөтүлдү

Админ

Беш окуучу кабыл алынды

Админ

Комментарий калтыруу