Жаңылыктар

Кыргызстанда мектепке катталган балдардын саны белгилүү болду

2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргызстанда 163 миңге жакын бала мектепке электрондук түрдө катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда көрсөтүлдү.

Катталгандардын ичинен 2,3 миңи бенефициарлар (жардамга муктаж категориядагы балдар) катары белгиленген. Учурда 126 миңден ашык бош орун дагы бар экени көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарында 13,5 миң бала 1-класска, ал эми 15,6 миң бала 2-класска кабыл алынган.

Эске сала кетсек, 2-июндан тарта башталган электрондук каттоо 15-августка чейин уланат.

Related posts

Ош облустук көркөм сүрөт музейи тууралуу китеп жарык көрдү

Админ

Россиядан Кыргызстанга 651 миң даана китеп жеткирилди

Админ

Бишкекте «5 кадам» фестивалы болуп өттү

Админ

Комментарий калтыруу