ОкуяларРубрикалар

Кыргызстан Британия менен билим берүү реформаларын талкуулады

Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү жана Борбордук Азия боюнча директорунун орун басары Марк Клейтон менен жолукту. Иш сапарды Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер коштоп жүрдү.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы кызматташтык, биргелешкен программалар жана министрлик жүргүзүп жаткан реформалар тууралуу сүйлөшүү болду. Айрыкча мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн камсыздоо, окуу мазмунун жаңылоо жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу аракеттери талкууланды.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Related posts

Билим берүү жаатында Франция менен кызматташабыз

Админ

«Алтын сертификат» ээлери аныкталды (тизме)

Админ

ТАСМА БААТЫР БАЯНЫ поэма

Админ

Комментарий калтыруу