2026-жыл үчүн Туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк университеттердин (QS Sustainability Ranking) жаңыланган тизмеси жарыяланып, анын ичинде Кыргызстандагы үч жогорку окуу жайы дүйнөнүн алдыңкы 1500 университетинин катарына кирди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги билдирди.
Рейтингде университеттер социалдык жана экологиялык маселелерди чечүүдө көргөзгөн аракеттерине, жашыл инфраструктуранын өнүгүшүнө, инклюзивдүүлүккө, башкаруунун сапатына жана социалдык жоопкерчиликке карата жүргүзүлгөн иштери боюнча бааланат.
Кыргызстандын атынан тизмеге төмөнкү окуу жайлар кирди:
— Кыргыз-Түрк Манас университети — эл аралык программаларды активдүү өнүктүрүп, экологиялык демилгелерди жана туруктуу кампус долбоорлорун ишке ашырганы үчүн;
— И. Раззаков атындагы КМТУ — энергияны үнөмдөөчү чечимдерди, санариптик ыкмаларды жана заманбап инженердик технологияларды колдоно баштаганы үчүн;
— Ош мамлекеттик университети — жашыл инфраструктураны кеңейтүү, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана туруктуу өнүгүү практикасын жайылтуу боюнча көрсөткөн ийгиликтери үчүн тизмеге кирди.
Министрлик белгилегендей, бул жыйынтыктар кыргыз университеттеринин экологиялык туруктуулук, социалдык жоопкерчилик жана заманбап башкаруу багытындагы иш-аракеттери эл аралык деңгээлде таанылганын далилдейт.
