Рубрикалар

“Битик. Таш Тамга” романы

Улуттук китепканада жазуучу Курманалы Сапарбаевдин «Битик. Таш Тамга» аттуу романынын бет ачары өттү. Иш-чарага маданият ишмерлери, акын-жазуучулар катышып, жаңы жарык көргөн эмгек тууралуу өз ойлорун ортого салышты. Жазуучу романында байыркы кыргыз элинин турмушу менен катар кыргыз маданияты, кыргыз жазуусу баскынчыларга каршы күрөшү жөнүндө баяндайт.

Биздин эранын V кылымында “битик” деп аталган кыргыз жазуусу болгон. Бул жазуу боюнча окумуштуулардын арасында көптөгөн талаш-тартыштар орун алып келген. Акыры аны даниялык окумуштуу В. Томсен окуп чыгып, бул жазуу кыргыздарга таандык экенин жазып чыккан. Орус окумуштуулары китеп кылып чыгарганда, ошол мезгилдеги кыргыз тилчилери абдан кооптонуп кабыл алган эмес. Ал эми бир нече роман, повесть, поэмалардын автору Курманалы Сапарбаев “Битик. Таш Тамга” романында дал ушул окуяга кайрылган. Чыгарма кыргыз жазуусу жөнүндө жазылган чыгарма. Мындагы окуялар тарыхый фактыларга таянып жазылган. Романда ошол кездеги дыйкандардын, темир усталардын, малчылардын эмгектери чагылдырылат. Бир кездеги хунндар менен кошо кеткен, Талас өрөөнүнөн орун алган кыргыздар илгерки тарыхын унутпай, Миң Сууга келгендиги баяндалат.

Мээрим Бактыбек кызы

Related posts

ТАСМА БААТЫР БАЯНЫ поэма

Админ

Билим берүү жаатында Франция менен кызматташабыз

Админ

Беш окуучу кабыл алынды

Админ

Комментарий калтыруу