Жаңылыктар

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында ийгилик жаратышты

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия – Тынч океан олимпиадасында (APIO-2025) ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Кыргызстандан онлайн форматта катышкан команданын курамында 6 окуучу болгон. Алардын ичинен Бобрус Ян (Бишкек, «Газпром Кыргызстан» мектеби) алтын, ал эми Кадыров Адилхан (Нарын лицейи) коло медалга ээ болду.

Мындан тышкары, Карыпжанов Нурислам («Сапат» ББМ), Айдарбеков Алихан жана Лебиев Абдульазиз (Сейтек STEM), Жаникеев Саид (№5 УИТМЛ) сертификат менен сыйланышты.

Бобрус Янды олимпиадага Осмонов Медербек, Жаникеев Саидди – Алмазбеков Бексултан, ал эми Кадыров Адилхан, Карыпжанов Нурислам, Айдарбеков Алихан, Лебиев Абдульазиздерди Урайымов Кылычбек даярдаган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда өткөн таймашка 36 өлкөдөн (Армения, Гонконг (КЭР), Казакстан, Австралия, Индия, Түштүк Корея, Азербайжан, Индонезия, Кыргызстан, Бангладеш, Иран, Макао (КЭР), Кытай, Израиль, Малайзия, Египет, Жапония, Монголия, Грузия, Иордания, Жаңы Зеландия, Пакистан, Филиппиндер, Россия, Палестина, Шри-Ланка, Сауд Арабиясы, Сингапур, Тажикстан, Сирия, Түркмөнстан, Түркия, Вьетнам, Өзбекстан, Тайвань (Кытай), Таиланд) 200дөн ашуун окуучу катышты.

Related posts

“Тоолордун ак кар кийген чокулары, Эстетип аталардын топуларын…”

Админ

Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Админ

Агартуу министри: «Мектептин орточо билим деңгээли жакшырса, мугалимдин маянасы да жогорулайт»

Админ

Комментарий калтыруу