Жаңылыктар

Кыргызстан менен Жапония ортосунда 20 чакты документке кол коюлду

Кыргызстан менен Жапониянын мамлекеттик органдары жана бизнес структуралары кызматташа турган жаңы багыттар аныкталып, тийиштүү документтер кабыл алынды. Бул тууралуу 20-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Токио сапары алкагында бир катар жолугушуулар өтүп жатат.

20-декабрда Борбор Азия+Жапония бизнес форуму өтүп, ага өнөр жай жана машина куруу, энергетика, транспорт жана логистика, финансы жана камсыздандыруу, маалыматтык технологиялар, медицина жана фармацевтика, айыл чарба, билим берүү, ошондой эле жогорку технологиялар жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндө иштеген 300дөй бизнес өкүлү катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстанга байланыштуу 20 чакты документке кол коюлду. Алардын арасында “Кыргыз Экспорт” борборунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү планы, Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча “жол картасы”, Кыргызстанда Жапониянын “Китахара” үлгүсүндөгү меджардам борборлорун түзүү тууралуу меморандумдар бар.

Related posts

Жаңы окуу китептери мектептерге таратылууда

Админ

Кыргызстандагы үч жогорку окуу жайы дүйнөнүн алдыңкы 1500 университетинин катарына кирди

Админ

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында ийгилик жаратышты

Админ

Комментарий калтыруу