
Үстүбүздөгү жылдын 14–15-июнунда Казакстандын Алматы шаарында 6-7-класстардын окуучулары үчүн математика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 медаль алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады
Бул олимпиаданын тандоо турунда 3 миңден ашуун окуучу күч сынашып, финалга Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 110дон ашуун мыкты окуучу жолдомо алган.
Биринчи күнү өткөн жеке турда кыргызстандык окуучулар мыкты жыйынтык көрсөтүп, төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:
🥇 Саят Арлан (7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) – алтын медаль
🥇 Акимов Ариет (7-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби) – алтын медаль
Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол
🥈 Абдувалиев Бектен (7-класс, International School of Kyrgyzstan) – күмүш медаль
Даярдаган: Абдувалиев Мурат
🥉 Яголковский Артём (6-класс, Silk Road International School) – коло медаль
Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол
🏅 Сайпидинов Умар (6-класс, С. Жаанбаев атындагы мектеп) – Ардак грамота
Даярдаган: Абдураимов Шумкар
Мындан тышкары, Кыргызстандын курамында дагы үч окуучу олимпиадага катышты:
- Асаналиев Амантур (5-класс, «Газпром Кыргызстан» мектеби)
- Абдигапаров Баязет (7-класс, Президенттик лицей «Акылман»)
- Азыранкулов Актилек (6-класс, И. В. Панфилов атындагы №6 мектеп)
Даярдаган: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол
Ошентип, жеке турдун жыйынтыгында Кыргызстандын командасы жалпысынан 4 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жана 1 Ардак грамота менен сыйланды.
Олимпиаданын экинчи күнүндө өткөн командалык турда кыргызстандык окуучулар 16 тапшырманын 15ин туура чыгарып, кубокко жана “Математика боюнча мыкты курама” наамына ээ болушту.
Жеңишке жеткен команданын курамы:
- Акимов Ариет – «Газпром Кыргызстан» мектеби
- Саят Арлан – «Газпром Кыргызстан» мектеби
- Абдувалиев Бектен – International School of Kyrgyzstan
- Абдигапаров Баязет – Президенттик лицей «Акылман»
Командалардын жетекчилери: Ишматов Мамат, Аманов Айбар
Белгилей кетсек, Кыргызстандын окуучулары бул олимпиадага 2018-жылдан бери катышып келет.
