
2025-жылдын 17–25-июлунда Франциянын Париж шаарында өткөн эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2025) кыргызстандык окуучулар 2 коло медаль жеңип алышты.
Быйылкы олимпиадага дүйнөнүн 94 өлкөсүнөн 400дөн ашуун мыкты жаш физик катышты. Кыргызстан бул сынакка 5 окуучудан турган команда менен барды.
Жыйынтыгында:
- Абдиев Аскар (11-класс, А. Молдокулов атындагы улуттук мектеп-лицей) — коло медаль
Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек - Анаралы уулу Эмир (12-класс, UWIS мектеби) — коло медаль
Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек - Эмилбеков Айтегин (10-класс, Газпром мектеби) — Ардак грамота
Тренерлери: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек - Бектур Баратали (12-класс, UWIS мектеби) — Ардак грамота
Тренерлери: Сатыбалдыев Дүйшөн, Садиков Артур
Топту Сабыров Чынтемир жана Садиков Артур жетектеп барды.
