Жаңылыктар

Кыргызстанда ЖРТга кышкы кабыл алуу 15-октябрда башталат

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 15-октябрда башталат.

Каттоо онлайн түрдө, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин жүргүзүлөт. Тестке катышуу үчүн талапкерлер Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун платформасына катталуусу керек.

Кышкы кабыл алуу жогорку окуу жайлардын келишимдик бөлүмдөрүнө гана жүргүзүлөт. ЖРТга орто жалпы билими жөнүндөгү аттестаты же орто кесиптик билими жөнүндө диплому бар жарандар катыша алышат.

Кыргызстандан сыртта жашаган талапкерлер тестке бир күн калганда каттоодон өтүүсү зарыл. Каттоо жол-жобосу боюнча нускама жана видеоролик testing.kg/videolessons сайтында жарыяланды.

Related posts

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында ийгилик жаратышты

Админ

Бишкек шаарындагы бардык мектептер убактылуу онлайн режимине өтөт

Админ

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу биографиялык тасма тартылат

Админ

Комментарий калтыруу