
Кыргыз Республикасынын айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025–2026-окуу жылы үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар 2025-жылдын 30-майында саат 09:00дө ачылат.
Агартуу министрлиги: «Бул кадам мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу максатында ишке ашырылууда», – деп билдирди.
Тийиштүү мектептердин тизмесин төмөнкү шилтемеден көрө аласыз:
